Москвада КМШ өлкөлөрүнүн III медиафоруму өттү

Sputnik
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Кечээ, 7-ноябрда, Москвада КМШ өлкөлөрүнүн III медиафоруму өттү.
Ал "Өзгөрүп жаткан дүйнөдө медианын өнүгүшү" деп аталып, иш-чарага тиешелүү министрликтердин жетекчилери жана эл аралык уюмдардын, КМШ өлкөлөрүнүн ЖМК өкүлдөрү катышты.
1 / 3

Кечээ, 7-ноябрда, Москвада КМШ өлкөлөрүнүн III медиафоруму өттү

2 / 3

Ал "Өзгөрүп жаткан дүйнөдө медианын өнүгүшү" деп аталып, иш-чарага тиешелүү министрликтердин жетекчилери жана эл аралык уюмдардын, КМШ өлкөлөрүнүн ЖМК өкүлдөрү катышты

3 / 3

Пленардык отурумдун негизги темасы "Заманбап медианын трансформациясы: гезит жана журналдардан жасалма интеллектке чейинки өнүгүү процесстери" болду

Пленардык отурумдун негизги темасы "Заманбап медианын трансформациясы: гезит жана журналдардан жасалма интеллектиге чейинки өнүгүү процесстери" болду.
КМШнын Аткаруу комитетинин маалымат кызматынын жетекчиси Светлана Малинина форумда сөз сүйлөп, октябрда өткөн КМШ саммитинде мамлекет башчылары жарандык багыттагы жасалма интеллект тармагында кызматташуу боюнча билдирүү кабыл алышканын жана ал БУУнун, ошондой эле башка эл аралык уюмдарга жеткирилгенин эске салды.
Сессиялардын жүрүшүндө катышуучулар КМШ медиатармагынын жасалма интеллект доорундагы келечеги, медиадагы жаңы тренддер жана форматтардын атаандаштыгы, маалыматты текшерүү жана контентти верификациялоо, бирдиктүү маданий медиакод жана транс чек аралык медиадолбоорлорду талкуулашты.
Форумду "Россия сегодня" эл аралык медиатобу уюштуруп, иш-чара Россиянын Санариптик өнүгүү, байланыш жана массалык коммуникациялар министрлигинин колдоосу менен өткөрүлдү.
Sputnik Кыргызстандын кызматкерлерине КМШнын башкы катчысы сыйлык ыйгарды