Sputnik Кыргызстандын кызматкерлерине КМШнын башкы катчысы сыйлык ыйгарды

Алар "Орус тили - эл аралык баарлашуу тили" жылынын алкагындагы маалыматтарды чагылдырууга кошкон салымы жана агенттиктин түзүлгөндүгүнүн10 жылдыгынын урматына сыйланышты.
Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун кызматкерлерине сыйлык ыйгарды.
Ыраазычылык каты Елена Бугайченко, Карина Разетдинова, Мира Жунусова, Ольга Леонович жана Наталья Князевага берилди. Ал эми Ардак грамота менен Нурзат Усебаев, Таалайбек Ороскулов, Вадим Осадченко, Тимур Осмонов жана Елена Агеева сыйланышты. Аны бүгүн "Россия сегодня" медиа тобунун Москадагы кеңсесинде башкы катчынын орун басары Денис Трефилов тапшырды.
1 / 2

Ыраазычылык каты Елена Бугайченко, Карина Разетдинова, Мира Жунусова, Ольга Леонович жана Наталья Князевага берилди. Ал эми Ардак грамота менен Нурзат Усебаев, Таалайбек Ороскулов, Вадим Осадченко, Тимур Осмонов жана Елена Агеева сыйланышты

2 / 2

Аны бүгүн "Россия сегодня" медиа тобунун Москадагы кеңсесинде башкы катчынын орун басары Денис Трефилов тапшырды

Агенттиктин аталган кызматкерлери "Орус тили - эл аралык баарлашуу тили" жылынын алкагындагы маалыматтарды чагылдырууга кошкон салымы, активдүү иши жана Sputnik Кыргызстан агенттигинин түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгынын урматына сыйланышты.
Sputnik Кыргызстан агенттиги министрлер кабинетинин Ардак грамотасын алды