Бишкекте ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү роумингдин ыңгайлуу тарифтери талкууланды

ЕАЭБ министри Кыргызстандын бир катар мамлекеттик мекемелеринин жетекчилери менен жолуккан.
Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу министри Максим Ермолович Бишкекте Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Комиссиянын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Ермолович Каржы министрлигинин, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Экономика жана коммерция министрлигинин башчылары жана өкүлдөрү менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Анда Евразия экономикалык биримдигиндеги мамлекеттик сатып алуулар маселеси талкууланды.
Ошондой эле тараптар ЕАЭБ ичинде роумингдеги ыңгайлуу тарифтерди бекитүү үчүн аны ишке ашырууга зарыл шарттардын планын сүйлөшүшкөн. Мындан тышкары, 2025-жылы биримдиктин товар рыногундагы атаандаштыктын абалына баа берип, андагы тармактарга изилдөө жүргүзүү маселелери дагы көтөрүлдү. Анын ичинде буга чейин киргизилген антидемпинг чараларынын алкагында да активдүү баа берүү каралды.
Радио
Мамытов: ЕАЭБ — кошуналар менен мамилени чыңдай турган мыкты курал