Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Медведев: АКШ системасы Трампты Украинаны каржылоого мажбурлашы мүмкүн

АКШда президенттик шайлоо өттү. Алдын ала жыйынтык боюнча, жарышта республикачылардан талапкер болуп чыккан Дональд Трамп алдыда баратат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Президенттик шайлоодо жеңишин жар салып жаткан Дональд Трампты АКШнын системасы Украинаны каржылоого мажбур кылышы ыктымал. Мындай пикири менен РФ Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев бөлүшкөнүн РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, АКШда президенттик шайлоо өттү. Алдын ала жыйынтык боюнча, жарышта республикачылардан талапкер болуп чыккан Дональд Трамп алдыда баратат.
Медведевдин айтымында, Трамп өжөр болгону менен система баары бир күчтүүлүк кылат.
"Азыр кеп Трамп согушка канча каражат бөлүүгө аргасыз болору жөнүндө жүрүп жатат. Айтканын бербеген өжөр адам, бирок система баары бир күчтүү. Кандай болгон күндө да Киев жетекчилиги үчүн кыйын болду", — деди Медведев.
Белгилей кетсек, шайлоо өнөктүгүндө Трамп жеңишке жетсе инаугурацияга чейин Украина жаңжалын токтотууга алы жетерин бир нече ирет айткан.
АКШ Конгрессинин шайлоосунда республикачылар алдыга чыгышты