БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттиги жана радиосу министрлер кабинетинин Ардак грамотасын алды.
Кыргыз журналистикасына кошкон салымы үчүн, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жана Кыргыз журналистикасынын жаралышынын 100 жылдыгына, ошондой эле Маалымат жана басма сөз күнүн майрамдоого байланыштуу берилип жаткан сыйлыкты мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов тапшырды.
Sputnik Кыргызстан агенттиги жана радиосу министрлер кабинетинин Ардак грамотасын алды
© Sputnik / Акбар Акжигитов
Ал аталган ЖМКнын кызматкерлеринин мыкты кесиптик чеберчилигин белгилеп, элдердин ортосундагы достукту бекемдөөгө дагы салым кошуп жатканын айтты. Ошондой эле ал кабар жеткирүүчүлөр байыртадан эл арасында элчинин макамында жүргөнүн белгиледи.
"Илгери журналистика болду беле деген суроого дайыма айтып жүрөм. Чабарман кабар менен чаап келе жатса ортодо чабышып жаткандар экиге жарылып, жол бошоткон. Чабарманды кайсы эл тосуп алса атына жем берип, өзүн кийинтип, ичинтип, эс алдырып узаткан. Илгери Ысык-Көлдө, же Алайда, же Нарында, же Таласта кандайдыр бир окуя болуп, журт козголуп, көч башталганда эл башындагылар башка жактагы журт башындагыларга кабар тараткан. Алар бири-бирине жол салып, достукту бекемдеген. Ошондуктан силер башынан эле ак сөөк, маалымат жеткирген, элди элдештирген, бириктирген калк болосуңар", — деди мамкатчы.
Касмамбетов Sputnik Кыргызстан агенттигинин ишмердүүлүгүнө да токтолду.
"Сиздердин агенттик өз жолун, ортолугун тапкан. Маңыздуу, маанилүү маалыматтарды элге жеткирип, аны дагы мыкты өздөштүргөнсүңөр. Кудай колдосун, колуңар береке тапсын", — деди Касмамбетов.
Министрлер кабинетинин алкышы жарыяланган кызматкерлердин тизмеси:
Нурзат Усебаев, Sputnik Кыргызстан агенттигинин редактору;
Елена Агеева, Sputnik Кыргызстан агенттигинин редактору;
Канышай Бешбаева, Sputnik Кыргызстан агенттигинин улуттук версиясынын редактору;
Нургүл Максутова, Sputnik Кыргызстан агенттигинин улуттук версиясынын жооптуу редактору;
Айида Батырбекова, Sputnik Кыргызстан агенттигинин улуттук версиясынын жооптуу редактору.
Мамлекеттик катчынын Ыраазычылык каты менен сыйланган кызматкерлер:
Елена Череменина, Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчиси;
Азамат Аралбаев, Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун сайт жана социалдык тармактардын редактору;
Таалайбек Ороскулов, Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун редактор-серепчиси;
Асел Минбаева, Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун социалдык тармак боюнча шеф-редактору;
Вадим Осадченко, Sputnik Кыргызстан радиосунун редактору;
Айтурган Сатиева, Sputnik Кыргызстан радиосунун улуттук версиясынын редактору.