АКШдагы президенттик шайлоодо Дональд Трамп алдыда баратат

Sputnik
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. АКШда өтүп жаткан президенттик шайлоодо олку-солку болуп турган үч штатта (Висконсин, Түндүк Каролина, Жоржия) Трамп алдыга озуп чыкканын америкалык ЖМКлар жазып чыгышты.
Маанилүү деген штаттын бири Пенсильванияда алгач Камала Харрис алдыда болсо, добуштардын 50 пайызы саналгандан кийин Трамп андан ашып кеткени белгилүү болду.
Ал арада New York Times Трамптын жеңишин божомолдоп жатат.
АКШда өтүп жаткан президенттик шайлоодо демократтардан вице-президент Камала Харрис, ал эми республикачылардан Дональд Трамп ат салышууда. Мында эки партиянын бирине да артыкчылык берилбеген штаттардагы шайлоонун жыйынтыгы чечүүчү мааниге ээ болуп турат. Быйыл бул катарга Аризона, Висконсин, Жоржия, Мичиган, Невада, Пенсильвания жана Түндүк Каролина кирди.
АКШдагы президенттик шайлоо