БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. АКШ Сенатына жана Өкүлдөр палатасына шайлоодо республикачылар алдыда бара жатат. Бул тууралуу Fox News басылмасына шилтеме кылып РИА Новости жазды.
Телеканал республикачылар Сенатта 48, ал эми демократтар 38 орунга ээ болуп жатканын белгилеген. Жалпысынан Конгресстин жогорку палатасында 100 орун бар. Ал эми Өкүлдөр палатасында республикачылар 114, демократтар 80 орунга ээ болушту. Бардыгы болуп 435 орун бар.
АКШда шейшембиде президенттик жана Конгресстин эки палатасына шайлоо өтүүдө. Президенттик шайлоодо демократтардан вице-президент Камала Харрис (112 тандоочу добуш берген азыркы тапта ), ал эми республикачылардан мурдагы президент Дональд Трамп (198 тандоочу) ат салышууда.
Чечүүчү добуш берүү эки тарапка тең артыкчылык берилбеген штаттарда болот. Бул жылы аларга Аризона, Висконсин, Жоржия, Мичиган, Невада, Пенсильвания жана Түндүк Каролина кирди.