БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Молдованын азыркы жетекчиси Майя Санду жекшемби күнү өткөн президенттик шайлоонун экинчи турунда протоколдордун 98,92 пайызы саналгандан кийин добуштардын 55,04 пайызын алып, алдыга чыкканы белгилүү болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Батышка ыктаган "Аракет жана тилектештик" партиясы колдогон Санду жарышта мурунку башкы прокурор, оппозициялык Социалисттер партиясынан чыккан Александр Стояногло менен ат салышты. Экинчи талапкер добуштардын 44,96 пайызын алган.
Анткен менен өлкө ичиндеги участкалардын берген эсеби боюнча Стояногло (51,19%) алдыда экенин көрсөттү. Сандунун режими иштен алган Стояноглого Молдованын түндүк менен түштүгүндөгү эл көбүрөөк добуш берген.
Молдовада президенттик шайлоонун экинчи туру кечээ өттү. Биринчи туру 20-октябрда болгон. Республиканын башчысы төрт жылга шайланат.