Кыргызстанда эки мамлекеттик гезиттин башкы редакторлору иштен бошотулду

Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда эки мамлекеттик гезиттин башкы редакторлору иштен алынды. Маалыматты министрлер кабинетинен тастыкташты.
Билдирүүгө ылайык, "Слово Кыргызстана" гезитинин башкы редактору Тамара Слащеванын ордуна Елена Жолобова келет.
"Кыргыз Туусу" гезитинин редактору Мырзакат Тыналиев да ээлеген кызматынан бошотулуп, ордуна ким келери белгисиз. Азырынча башкы редактордун милдетин биринчи орун басары аткарып жатканы маалым болду.
Радио
Балташев: кыргыз журналистикасына быйыл 100 жыл толду