Профсоюздар федерациясынан 2 млрд. сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Уюмдун 9 жылдык ишмердүүлүгү — кыймылсыз мүлктөрдү сатуу, менчиктештирүү, ижарага берүү жана мүчөлүк акыдан түшкөн каражаттардын пайдаланылышы текшерилген.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Кесиптик кошуундар федерациясынан 2 миллиард сомдон ашуун финансылык бузуу аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, уюмдун 2013-жылдан 2022-жылга чейинки ишмердүүлүгү текшерилген. Анда кыймылсыз мүлктөрдү сатуу, менчиктештирүү, ижарага берүү жана мүчөлүк акыдан түшкөн каражаттардын пайдаланылышы камтылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө жалпы суммасы 2 миллиард 58 миллион сом жана 25,6 миң долларлык финансылык мыйзам бузуу аныкталган.
"Мыйзамга ылайык, кесиптик бирликтер мүлктү, каражаттарды пайдаланууга жана тескөөгө укуктуу. Бирок кесиптик бирликтердин мүлкү менчиктештирилбейт. Анткени ал элдики болуп эсептелет. Буга карабастан кесиптик бирликтерге таандык 86,58 гектар жер сатылып кеткен", — деп айтылат маалыматта.
Мыйзам бузууларды эске алуу менен Башкы прокуратура жана УКМК жерлерди кайтаруу боюнча иштерди жүргүзүп жатканы белгиленди. Ошондой эле маалыматта мурда сатылып кеткен ресурстар кайтарылышы керектиги кошумчаланган.
Бишкектеги "Сельмаш" стадиону жана бассейни мэрияга кайтарылды