5-ноябрга карата аба ырайы

5-ноябрга караган түнү көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. 5-ноябрь, шейшембиде, көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан катуу жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй менен Нарында +11...+16, Талас жергесинде +10...+15, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл аймактарында +14...+19, Баткен облусунда +13...+18 градус жылуу болот.
Борбор калаада жана Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күндүн табы Бишкекте +14...+16, Ош калаасында +17...+19 градуска чейин көтөрүлөт.
Калкты тейлөө борборлору жана регион аралык бөлүмдөр 5-6-ноябрда кандай иштейт