Дыйкандарды маалымат менен камсыздаган борборлор ачылууда - Максаты жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу адистин маеги

Sputnik
Өлкөдө дыйкан-фермерлерди тейлеген борборлорду ачуу пландалып жатат. Алгачкысы Бишкек шаарында ачылды. Ошондой эле пилоттук негизде дагы бир нече шаарларда ачылуусу күтүлүүдө. Ал жерден дыйкандар тажрыйбалуу адистерден баардык кызыктырган суроолоруна жооп ала алат.
“Күн башат” программасынын бул чыгарылышында аталган борбор жана жалпы эле дыйкандарга түзүлгөн шарттар тууралуу маек курдук. Биздин суроолорубузга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Мирлан Бейшеналиев жооп берди.