Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский аскердик күчүнөн улам эки нерсеге тынчсызданып жатканы айтылды

Зеленскийдин ыйгарым укуктары 20-майда аяктаган. Украинада президенттик шайлоо 31-мартта өтүшү керек болчу, ал эми жаңы шайланган мамлекет башчынын инаугурациясы май айында болмок.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Фронтто украиналык аскерлердин жеңилүүсүнөн кийин Владимир Зеленский чарчаңкы тартып турат. Бул тууралуу The New York Times америкалык аткаминерлерге таянып жазды.
"АКШлык чиновниктер Владимир Зеленский менен Киевде жолугушкан. Алар өлкө жетекчисинин аскери согуш талаасында жеңилгенден кийин жана АКШдагы шайлоодон улам чарчап, кыжалат болуп, тынчсызданып турганын белгилешти", — деп айтылат маалыматта.
Макалада Америкадагы президенттик шайлоо украиналыктарды катуу түйшөлтүп жатканы да белгиленген. Ошондой эле россиялык аскерлердин фронттогу басымы жана Батыштын колдоосунун токтоп калуу коркунучу украиналыктардын ишенимин, моралдык духун төмөндөтүп жатканы маалымдалган.
Зеленскийдин ыйгарым укуктары 20-майда аяктаган. Украинада президенттик шайлоо 31-мартта өтүшү керек болчу, ал эми жаңы шайланган мамлекет башчынын инаугурациясы май айында болмок. Бирок шайлоо согуштук абалга жана мобилизацияга жүйө келтирип жокко чыгарылган. Киев режиминин башчысы азыр шайлоо өткөрө турчу убак эмес экенин айтып, бул маселеге чекит коюуга чакырган.
Владимир Путин Зеленскийдин легитимдүүлүгүн эч кандай амалкөйлүк менен калыбына келтирүү мүмкүн эмес экендигин белгилеген. Анын айтымында, Украинадагы Жогорку Рада жана анын спикери жалгыз легитимдүү бийлик болуп саналат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батышта Зеленскийдин тагдырына божомол жасалды