Миң-Куш: облус башчысы уран калдыктары сакталган "Туюк-Суудан" кабар алды

Өлкөдөгү уулуу калдыктар сакталган жайларды зыянсыздандыруу иштерин "Росатом" компаниясы жүргүзүп келет.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Миң-Куштагы уран калдыктары сакталган "Туюк-Суу" жайын зыянсыздандыруу иштери аяктап калганын президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Эске салсак, рекультивациялоо иштерин "Росатом" корпорациясы жүргүзүүдө. Нарын облусунун башчысы Алтынбек Эргешов Жумгалга болгон иш сапарында компания өкүлдөрү менен жолугуп, уран калдыктарын коопсуз жайга көчүрүү иштеринен кабар алган.
Корпорация өкүлдөрү "Туюк-Сууну" толугу менен жоюу иштери аяктап калганын айтышкан.
"Туюк-Суу" эң татаал долбоорлордун бири болуп эсептелет. Көчкү коркунучунан улам уулуу калдыктардын айлана-чөйрөгө тарап кетүү ыктымалдуулугу бар эле.
Эске салсак, өлкөдөгү уулуу калдыктар сакталган жайларды зыянсыздандыруу иштерин "Росатом" компаниясы жүргүзүп келет.
Өкмөт Кызыл-Омпол кени иштетиле баштаганын кабарлады