80 жыл мурда советтик аскерлер баскынчыларды норвегиялык Түндүктөн кууп чыккан

Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. 1944-жылдын 1-ноябрында советтик аскерлер баскынчыларды советтик жана норвегиялык Түндүктөн кууп чыгарып, аймак үчүн салгылашууну жеңиш менен аяктаган.
Түндүк үчүн кармаштын урунттуу учурларын @SputnikLive жазды.
Гитлер немец генералдарына СССРдин түндүгүндөгү муз тоңбогон жалгыз порт Мурманскини алууга бир жума убакыт берген. Бирок аймакты тез арада басып алууга мүмкүн болгон эмес. Үч айдан кийин Кызыл Армия баскынчыларды токтотуп, "бир жума" үч жылдык салгылашууга айланган.
Жээктеги тынчтык деңиздеги салгылашуулардын курчушун азайткан жок. Согуш жылдарында Мурманск порту аркылуу союздаштардан жардам катары азык-түлүк жана 1,2 миллион тонна аскердик жүк жөнөтүлгөн.
1944-жылы 7-октябрда советтик аскерлер чабуулга өтүшкөн. Адегенде СССРдин жерлерин бошотуп, андан кийин Норвегиянын аймагына киришкен. Аларга фьорддор аркылуу Кызыл Армиянын солдаттарын ташыган норвегиялык моряктар жана балыкчылар жардам беришкен.
Ослодо, Киркенесте, Будёдо, Эльвенде жана Норвегиянын башка шаарларында "Норвегия сиздерге ыраазы" деген жазуусу бар советтик жоокерлердин эстеликтери тургузулган.
Будапешт фашисттерден кантип бошотулган. Операциянын башталышы