Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммити

Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммити өтөт. Кимдер келет

Саммитке Түркиянын, Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле байкоочу өлкөлөрдүн лидерлери катышары күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Бишкекте 6-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) 11-саммити өтөт. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Ага Түркиянын, Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле байкоочу өлкөлөрдүн лидерлери катышат.
"Президенттер ТМУнун алкагында көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашат. Ошондой эле уюмдун учурдагы актуалдуу маселелери боюнча чечимдерди кабыл алышат. Бир катар көп тараптуу документтерге, анын ичинде саммиттин жыйынтыктоочу декларациясына кол коюшат", — деди Азымбакиев.
2025-жылы уюмга төрагалык кылуу Кыргызстанга өтөрү кошумчаланды.
Буга чейин Кыргызстанга 5-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган мамлекеттик сапар менен, ал эми Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан расмий сапар менен келери айтылган.
БРИКС ааламды өзгөртүүдө. БУУнун акыркы үмүтү жана жаңы дүйнө тартиби