БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Дем алыш күндөрү 7 шаардагы калкты тейлөө борборлорунда аралыктан добуш берүүгө арыздар кабыл алынат. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган борборлор эртең мененки 9:00дөн кечки 18:00гө чейин иштешет.
Калкты тейлөө борборлорунун даректери:
Бишкек шаары, Ч.Валиханов көчөсү, 2;
Ош шаары, Т.Касымбеков көчөсү, 8г/1;
Нарын шаары, В.Ленин көчөсү, 39
Жалал-Абад шаары, Б.Алыкулов көчөсү, 1;
Каракол шаары, Гебзе көчөсү, 124;
Баткен шаары, Мурат Салихов көчөсү, 33/1;
Талас шаары, Дзержинский көчөсү, 28.
Аралыктан добуш берүүгө байланыштуу бардык суроолорго 1255 ишеним телефону аркылуу жооп алууга болот.
Аралыктан добуш берүүгө арыз тапшыруунун жол-жобосу менен видеонускамадан таанышыңыз.