Өлкөдө кызамыктын биринчи учуру 2023-жылдын январь айында катталган. Ошондо Саламаттык сактоо министрлигинде ыкчам штаб түзүлүп, Республикалык эмдөө борборуна кырдаалды курчутпоо жана токтотуу тапшырмалары берилген. Анын алкагында этап менен эмдөө иштери жүрүүдө. Биринчиси сентябрь айында өткөн. Бул жолкусу 21-октябрдан 4-ноябрга чейин уланат. Вакцина жетиштүү болгондуктан кызамык оорусунун белгилери бар адамдар менен байланышта болгондорго да сайылууда.
Көрүлгөн чаралар республикада кызамык жана кызылча оорусунун олуттуу кыскарышына алып келгенин Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова айтып берди.