IBA жетекчиси кыргызстандык бокс машыктыруучусуна батир белек кылды

Кожоев төрт баласы менен ижараланган батирде баш калкалап келген.
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Эл аралык бокс ассоциациясынын (IBA) жетекчиси Умар Кремлев кыргызстандык бокс боюнча машыктыруучу, төрт баланы жалгыз тарбиялап жаткан Эмил Кожоевге үч бөлмөлүү батир белек кылды. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Үй-бүлө буга чейин ижараланган батирде баш калкалап келген. Машыктыруучунун окуясын Ассоль Молдокматова коомго алып чыккан эле. Ал Кремлев дароо жардамга кол сунуп, бир айдан кийин Бишкектин борборунан пентхаус алып бергенин билдирди.
"Мындан тышкары, бир нече сааттын ичинде батир эмеректер менен толтурулуп, ал эми кайдыгер карабаган кыргызстандыктар тиричилик техникасын, балдарга кийим-кече алып беришти", — деп жазган Молдокматова.
Ташиев: адилеттүүлүктү тебелеп, Биволдун жеңишин уурдап алышты