БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун "Нарк куржун 2" китеби жарык көрдү.
Эскерте кетсек, буга чейин элге "Ой санат", "Жол санат" жана "Нарк куржун" китептери тартууланган болчу.
Касмамбетов Sputnik Кыргызстан радиосуна курган маегинде президент Садыр Жапаровдун "Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү", "Манас" үчилтигин жайылтуу", "Кыргыз жараны" жөнүндөгү жарлыктары, кыргыздын тарыхый балуулуктарынын изилдөөгө алынышы, "Манас" театрынын ачылышы кыргыз элинин идеологиясына байланганын белгиледи. Китептер ошол жарлыктар тууралуу айтылган сөздөрдүн негизинде жазылган.
"Алгач сүйлөгөн сөздөрүмдү чогултуп "Ой санат", анан "Жол санат" деген эки томдук чыкты. Үчүнчүсү эл сүйгөн, эл жактырган "Нарк куржун" болду. Эми минтип "Нарк куржун 2" китеби чыгып отурат. Китептердин дээрлик баарында жашообуздагы ар кандай тарыхый-коомдук көрүнүштөргө байланышкан кыргыздын уюткулуу, журт уюткан сөздөрү, элдик наркы камтылды. Мен энемен көп уктум, элден көп уктум, кыдырдым. Студент кезимде кыдырдым. Куйма кулактык кылып, ушунун баарын сактап, анан бүгүн элге айтып жатам. Кайсы бир адат, жөрөлгө эмне үчүн жасалып келгенин, максаты эмнеде экенин айтып, тигил же бул сөздүн түшүндүрмөсү толук жазылды", — деди Касмамбетов.
Автор китепти Жогорку Кеңештин котормо, редакциялоо жана лингвистикалык кызмат бөлүмүнүн сектор башчысы Бурулсун Бабашева түзүп чыкканын белгилеп, эмгек христоматия же окуу китеби катары ордун табарына ишеним арткан.
Китептер учурда дүкөндөрдө сатылууда.