БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Нурлан Мотуев кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал расалык, этникалык, улуттар аралык кастыкты козутууга шектелүүдө.
"16-октябрь күнү соцтармакты мониторингдөө учурунда nurlan_motuev_official деген колдонуучу улуттук азчылыктарга карата терс ой-пикирин билдирген видео жарыялаганы аныкталган. Анда ал бир улуттун өкүлдөрүн басынтып, алардын улутуна ар кандай мүнөздөмө берүү менен коомчулукту интернет аркылуу үгүттөп, улуттар аралык кастыкты козутууга аракет кылган", — деп жазылат маалыматта.
Экспертиза жүргүзүлгөн материалдарда улуттар аралык касташуунун лингвистикалык белгилери камтылганы айтылды.
55 жаштагы блогер кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.