БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Чет элдик агенттер тууралуу мыйзамды кабыл алып жатып Грузия бийлиги өлкөдө ачык-айкындуулукту камсыздоого умтулган, эми мындай аракети үчүн Батыштын кысымына кабылууда. Бул тууралуу Беларусь президенти билдиргенин РИА Новости жазды.
Ушу тапта Минск шаарында евразиялык коопсуздук боюнча II эл аралык конференция өтүп жатат.
"Алар (Грузия бийлиги — ред.) саясатта да, экономикада да ачык-айкындуулук болсун деп жатышат. Мыйзамдуу бийлик мыйзам чегинде тийиштүү чечим кабыл алды. Керек болсо Американын өзүндөгүдөй кылып алдын ала кеңешишти. Анан эле кысымга кабылышты, өлкөнү жок кылып жатышат", — деди Лукашенко.
Sputnik Беларусь жазгандай, президент "өз үчүн, анан өзгө үчүн экспортко кетчү демократия" бар экенин белгилеген.
"АКШга жана анын кол алдындагыларга жакпаган кишини жок кылып коюу мүмкүнчүлүгү демократиянын туу чокусу болуп саналабы?" — деп суроо салды президент.