БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Баткен облусунун алыскы Зардалы айылына уюлдук байланыш орнотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирип, видеосу менен бөлүштү.
Ал белгилегендей, өлкө башчы айылга барганда президенттик администрацияга байланыш жеткирүүнү тапшырган.
"Бүгүн "Мега" компаниясынын башкы директору Эльнар Субакожоев мамлекет башчысына Зардалыдан байланышка чыгып маалымат берди", — деп жазган Алагөзов.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров 29-сентябрда Зардалыга барган. Айыл тургундары жол салуу жана электр жарыгын жеткирүү менен катар уюлдук байланыш көйгөйүн чечип берүүнү өтүнүшкөн. Мамлекет башчы айылдын көйгөйлөрүн чечүү боюнча тийиштүү тапшырмаларды берген.
Ошондой эле Зардалы айылына жол салуу үчүн тендер жарыяланган. Ага ылайык, жолдун наркы 390 миллион сомго жетери белгилүү болгон.