Президенттин "Мейкин" сыйлыгына талапкерлердин кыска тизмеси аныкталды

Сынакка катышуу үчүн 150дөн ашык талапкерден материал келип түшкөнү белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Президенттин медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу "Мейкин" сый акысына талапкерлерди тандоо жана ыйгаруу боюнча комиссиянын курамы талапкерлердин кыска тизмесин аныктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүдө мамлекеттик органдардан, көз карандысыз ЖМКлардан жана окуу жайлардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия 150дөн ашык талапкердин арасынан тандоо жүргүзгөнү жазылган.
"Президент ЖМК өкүлдөрү үчүн сынак өткөрүү демилгесин колдоду, анткени маалыматтуу коомду калыптандырууда көз карандысыз жана объективдүү журналистика маанилүү ролду ойнойт. Сынак биринчи жолу өтүп жатат, номинанттарды тандоо оңой болгон жок, бирок комиссия мыкты иштерди тандап алууга жетишти. Бул сынакты өткөрүү жакшы салтка айланып, күчтүү жана таланттуу журналисттерди өстүрүүгө мүмкүндүк берет деп ишенем", — деген президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Орунбеков.
Сынактын жыйынтыгы салтанаттуу иш-чарада айтылары күтүлүп жатканы кошумчаланды.
Президент Садыр Жапаров журналисттер үчүн президенттик "Мейкин" сыйлыгы негиздеген. Демилге медиа жана журналистика жаатында чыгармачылыкты колдоо, жетишкендиктерди таануу, журналисттик кесиптин беделин жогорулатуу жана чыгармачылык активдүүлүккө дем берүү максатында иштелип чыкканы айтылган.
Президент 100 жылдык мааракеге карата юбилейлик белги уюштурууну тапшырды