БШК аралыктан добуш берүү үчүн арыз кабыл алуу мөөнөтүн узартты

Sputnik
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы 17-ноябрга белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоого аралыктан (катталган шайлоо участкадан тыш) добуш берүү үчүн арыздарды кабыл алуу мөөнөтүн 6-ноябрга чейин узартты.
Мындай чара мүмкүн болушунча көп киши аралыктан добуш берүү мүмкүндүгүн алышы үчүн көрүлүп жатканы белгиленди.
Буга чейин катталган жери боюнча шайлоо участкаларында добуш бере албагандар аралыктан добуш бере алары маалымдалган.
Алыстан добуш берүүгө арыз тапшыруунун жол-жобосу менен видеонускамадан таанышууга болот.
Радио
Жылкыбаев: аралыктан шайлоо ички миграциядагыларга жакшы шарт түзөт