БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Кыргызстанга Asman Airlines компаниясынын экинчи учагы келди. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба ОАО "МАМ"
Билдирмеге караганда, бул ички каттамдарды тейлөө үчүн "Манас" эл аралык аэропорту алган экинчи учак. Компания үчүнчүсү кийинки жылдын январында, төртүнчү самолет майда келерин билдирди.
Жаңы конгон Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү учак Канадада чыгарылган. Ал кыска аралыкка учуп, 80 жүргүнчүгө ылайыкташкан. Эске салсак, ушундай учактын биринчиси өлкөгө сентябрда келип, учурда ички каттамдарды аткарууда.
"Манас" аэропорту Талас, Нарын, Каракол, Казарман, Кербендеги аэропорттор жакын арада иштеп баштаарын, учурда учак кабыл алууга толугу менен даяр экенин кошумчалады.