Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолуна кар көчкү түштү

Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад унаа жолунун 346-348-чакырымдарында кар көчкү түшкөндүгү жана туннелдин ичинде болжол менен 10 унаа туруп калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн Тогуз-Торо районунан төрт куткаруучу, ИИМден эки кызматкер тартылып, бир жүктөгүч иштеп жатканы кабарланды.
Президент Жумгалда дайынсыз болгон ата-баланы издөө иштерин күчөтүүнү тапшырды