БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Жумгалда малга кетип дайынсыз болуп жаткан ата менен баланы издөө иштерин күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат казыматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, 16-октябрда дайынсыз жоголгон 49 жаштагы тургунду жана анын 9 жаштагы уулун издөө үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Ички иштер министрлигинин кошумча күчтөрү тартылды.
"Дрондор дагы колдонулмакчы. Учурда издөө иштери Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда да жүргүзүлүүдө, анткени Көкөмерен дарыясы бул районго тез агып барат", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Жумгал районунун Өрнөк айылынан ата-бала 16-октябрда жайлоого кеткен боюнча дайынсыз. Аларды издөөгө тиешелүү жабдыктар колдонулбай, иштер чабал болуп жатканын жакындары айтып чыккан.