Грузиянын спикери: президент төңкөрүш жасоого камынып жатат

Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили жана оппозициялык партиялар төңкөрүшкө жол ачуу үчүн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын легитимсиз деп аташууда. Бул тууралуу парламенттин спикери Шалва Папуашвили брифингде билдиргенин РИА Новости жазды.
Бир күн мурун президент Зурабишвили шайлоо толугу менен бурмаланганын айтып, нааразылык акцияларына чыгууга чакырган. Ал Конституция боюнча президенттин эч бир партияга тиешеси болбошу керектигине карабастан, негизги оппозициялык партияларды бириктирүүнүн демилгечиси болгон.
"Бул сценарий алдын ала даярдалган. Ага ылайык, шайлоонун жыйынтыгы легитимсиз деп табылышы керек, андан соң техникалык өкмөт түзүлөт. Мунун баары төңкөрүшкө алып барчу жол. Алар ошол жолго Конституцияны бузуу менен бет алды. Бирок Грузия буга жол бербейт", — деди саясатчы.
26-октябрда республикада парламенттик шайлоо болуп өттү. БШКнын маалыматына караганда, бардык бюллетендерди санагандан кийин бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы 53,93 пайыз добуш менен жеңишке жетти. Ошондой эле төрт оппозициялык партия парламентке кирүүдө, алар жалпысынан 37,78 пайыз добуш алышты.
Оппозиция өкүлдөрү добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай турганын билдиришүүдө.
Ал эми ЕККУнун кыска мөөнөттүү миссиясынын атайын координатору Паскаль Ализар шайлоонун жакшы уюштурулгандыгын белгиледи.
Грузия президенти Тбилисиде каршылык акцияларын өткөрүүгө чакырды