Казандагы БРИКС саммити

Шарттарына көнүшү керек. Батыш аброюн сакташ үчүн эмне кылышы керектиги айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Батыш эл аралык аренадагы аброюн сактап калыш үчүн өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн бир топ шарттарына көнүшү керек. Бул тууралуу немец ЖМКлары жазып чыкты.
"Глобалдык Түштүк өлкөлөрүнүн арасында нааразылык күч алууда. Муну токтотуу үчүн Батыш чыныгы артыкчылыктардан баш тартып, тилин табууга аргасыз болот", — деп белгилейт басылма.
Материалдын автору БРИКС барган сайын "чоң жетиликтен" бардык көрсөткүчтөр боюнча ашып жатканын моюнга алган. Ал Батыш бул чакырыкты олуттуу кабыл алышы керектигин белгилеген.
"Батыш өзүнүн саясий маданиятын өнүктүрүүсү керек. Бул алсыз мамлекеттердин өкүлдөрү менен тең укуктуу жолугуп, алардын көйгөйлөрүнө олуттуу мамиле кылууну камтыйт", — деп айтылат макалада.
Казандагы БРИКС саммити
БРИКСтин дүйнөлүк көпчүлүктүн башын бириктирген вазийпасы. Видео