Баткен окуясына 25 жыл болду. Шейит кеткендерди эскерип, куран окушту

Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Бүгүн, 26-октябрда, Баткен шаарында Баткен окуясында курман болгондор эскерилди. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы кабарлады.
Иш-чарага президенттин Баткендеги өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аскер кызматкерлери, Баткен окуясынын катышуучулары жана алардын жакындары катышты.
Алар курман болгондордун эстелигине гүл коюшуп, куран окушкан.
1 / 3

Бүгүн, 26-октябрда, Баткен шаарында Баткен окуясында курман болгондор эскерилди

2 / 3

Иш-чарага президенттин Баткендеги өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аскер кызматкерлери, Баткен окуясынын катышуучулары жана алардын жакындары катышты

3 / 3

Алар курман болгондордун эстелигине гүл коюшуп, куран окушкан

26-октябрь — 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясынын курмандыктарын эскерүү күнү катары белгиленип келет. Диний экстремисттердин тобу 1999-жылы август айынын башында Баткен районунун аймагына басып кирип, аймакты өздөрүнүн базасына айландыруу, жергиликтүү жаштардын башын айлантып өздөрүнө тартуу, алардан келечектеги баскынчыларды даярдоо максатын көздөшкөн.
Кыргызстандын күч органдары, кошуна мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен аракеттери менен согушкерлерди өлкө аймагынан сүрүп чыгарууга жетишкен.
Бул куралдуу салгылашта Кыргызстандын 76 жараны курман болгон, алардын 46сы — аскер кызматкери. Ошондой эле 100дөн ашуун киши жараат алган.
Куралдуу кагылышуулар болгон чөлкөмдүн стратегиялык жана социалдык-экономикалык мааниси эске алынып, 1999-жылы 13-октябрда Баткен облусун түзүү жөнүндөгү мыйзамга кол коюлган.
Радио
Чотбаев: Баткен коогасына катышкан жоокерлердин эрдиги бааланышы керек