Тышкы иштер министрлигинин түптөлүшү. Сүрөт түрмөк

Тышкы саясий ведомствонун пайдубалы мындан 80 жыл мурда советтик Кыргызстанда түптөлгөн. Ошондон тарта өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги акырындык менен дүйнөлүк геосаясатка кадам таштап, 1991-жылдан бери эгемен Кыргызстан өзүнүн тышкы саясатын жүргүзүүдө.
Sputnik
Sputnik агенттигинин колумнисти Алмаз Батилов кыргызстандык дипломаттардын жеке архивинен алардын ишмердүүлүгүн чагылдырган сүрөттөрдү сунуштайт.
1 / 11

СССРдин Ирактагы элчилигинин үчүнчү катчысы Закон Турдукулов үй-бүлөсү менен. Багдад, 1960-жыл

2 / 11

Кыргыз ССРинин тышкы иштер министри Шамшы Таянов. Кисловодск шаары. 1953-жыл, 27-июнь

3 / 11

Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба программасынын Афганстандагы өкүлү, кыргызстандык дипломат Сабырдин Турсунов жергиликтүү (оң жактан 1-катарда төртүнчү) тургундардын арасында. Кабул, 1964-жыл

4 / 11

Советтер Союзунун Малидеги (Батыш Африка) элчилигинин кызматкери Касымбай Намазбеков жубайы Эдиса Исаевна менен салтанаттуу кеченин конокторун тосуп алууда. Бамако шаары. 1982-жыл, 12-май

5 / 11

Советтер Союзунун толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Кеңеш Кулматовдун Шри-Ланканын президенти Джуниус Ричард Джаявардене менен маектешип жаткан маалы. Коломбо, 1988-жыл

6 / 11

Кыргызстандын Өзбекстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Салижан Жигитов. Ташкент. 1994-жыл

7 / 11

Кыргызстандын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Мукун Асейинов Ирандын вице-президенти менен жолугушууда. Тегеран, 1996-жыл

8 / 11

Кыргызстандын Өзбекстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Батыралы Сыдыков. Ташкент, 1997-жыл

9 / 11

Кыргызстандын Тажикстандагы туңгуч элчиси Эрик Асаналиев үй-бүлөсү менен Душанбеге кетер алдында. Бишкек, 1997-жыл

10 / 11

КР толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Рысбек Молдагазиев Япониянын падышасына ишеним грамотасын тапшырууда. Токио, 2011-жыл

11 / 11

Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын катчысы Кеңеш Кулматов, Кыргыз ССРинин тышкы иштер министри Сакин Бегматова (оң жактан биринчи) Тажикстандан келген конокторду тосуп алууда. Фрунзе, 1976-жыл

Тема боюнча:
Садыр Жапаров: элибизде дипломатиялык кызмат үч миң жыл мурда пайда болгон
Кыргыздын туңгуч өкмөтү билимге кандай көңүл бурган. Элитанын түптөлүшү
Тарыхтагы бурулуш учур. 1924-жылы Пишпекте өткөн курултай жана ККАОнун түзүлүшү