10 миңден ашык иш орду түзүлөт. Нарын облусунда 4 завод ачуу пландалууда

Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында төрт заводдун капсуласын салды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 3

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында төрт заводдун капсуласын салды

2 / 3

Заводдор "Нарын СЭЗ — Кашкар СЭЗ" индустриялык паркында жайгаштырылат

3 / 3

Мындан тышкары, "Нарын алгыр технолоджи" ишканасы айыл чарбасы үчүн дрондорду чыгарып, 50дөн ашык иш ордун түзүүгө мүмкүндүк берет

Заводдор "Нарын СЭЗ — Кашкар СЭЗ" индустриялык паркында жайгаштырылат.
"Нарын Шумкар" автозаводуна 130 миллион доллар инвестиция тартуу пландалууда. Курулуш аяктаганда заводдо 10 миңден ашык иш орду түзүлүп, жылына 20 миңден ашык автоунаа чыгып турат.
"Нарын чырак" светодиоддук лампа чыгаруучу заводго 10 миллион доллар инвестиция тартылып, жылына 30 миллион лампа чыгарып, 200гө жакын жумуш ордун түзүү пландалууда.
"Нарын кагаз" кагаз буюмдарын чыгаруучу заводдун курулушуна 10 миллион доллар жумшалат, жылына 6 миң тонна кагаз продукциясын чыгаруу жана 100дөн ашык жумуш ордун түзүү күтүлүүдө.
Мындан тышкары, "Нарын алгыр технолоджи" ишканасы айыл чарбасы үчүн дрондорду чыгарып, 50дөн ашык иш ордун түзүүгө мүмкүндүк берет.
Нарындагы эт комбинаттын төрт гектар жери жана имараты шаар менчигине кайтарылды. Сүрөт