Советтик Кыргызстанда чет өлкөлүк делегацияларды кантип тосушкан. Архивдик видео

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бүгүн 80 жылдык мааракесин белгилөөдө. Биз Советтик Кыргызстанда чет өлкөлүк делегацияларды кандай тосушканын көрсөтүүнү чечтик.
Sputnik
1944-жылдын 17-мартынан тартып Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министрлигинде дипломатиялык кызматтын негиздери түптөлүп, союздук республикалар жана чет мамлекеттер менен байланыштар түзүлө баштаган. Ведомство ошондой эле протоколдук жана консулдук функцияларды аткарган.
Республикага чет өлкөлүк ар түрдүү өкмөттүк делегациялар келип турган. Протокол боюнча аларды Кыргыз ССР Жогорку Советинин президиумунун төрагасы Төрөбай Кулатов, ошондой эле республиканын тышкы иштер министри тоскон. Меймандарга Советтик Кыргызстандын экономикасынын жана маданиятынын жетишкендиктери көрсөтүлчү. Чет өлкөлүк делегациялар республиканын тез өнүгүшүнө чын ыкластан таң калышты. Бул тажрыйба 1991-жылы Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондо өз пайдасын берген.