Бир айдан кийин мобилдик банкинг аркылуу акча которууларга комиссия алынбайт

Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. 2026-жылга чейин мобилдик банкинг аркылуу акча которууларга комиссия алынбайт. Бул тууралуу Улуттук банктын токтомунда айтылат.
Ага ылайык, 2025-жылдын 31-декабрына чейин коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары тарабынан мобилдик тиркемелер жана интернет-банкинг аркылуу улуттук валютада жеке кардарлардын акча которуулары үчүн комиссия алынбайт.
Бул чаралар өлкөдө накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн арттырууга шарт түзөрү айтылган.
Токтом жарыялангандан бир айдан кийин (24-ноябрда) күчүнө кирет.
Төлөм операторлорунун уставдык капиталынын минималдуу чегин көтөрүү сунушталды