Төлөм операторлорунун уставдык капиталынын минималдуу чегин көтөрүү сунушталды

Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн көтөрүү сунушталды. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Ага ылайык, 2019-жылдан 2023-жылга чейин төлөмдөрдүн көлөмү 11,5 эсеге өсүп, тобокелдиктерди күчөткөн. Мындан улам жаңы уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү боюнча талапты өзгөртүү каралууда.
Жаңы түзүлгөн төлөм системаларынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү төмөнкүдөй белгиленген:
төлөм системасынын операторлорунуку — 20 миллион сомдон кем эмес (учурда 1 миллион сом);
төлөм уюмдарыныкы — 30 миллион сомдон кем эмес (2 миллион сом);
экөөнүн ишин айкалыштырган жактардыкы — 50 миллион сомдон кем эмес (3 миллион сом).
Иштеп жаткан уюмдарга 2027-жылга чейин уставдык капиталын жогорулатуу үчүн үч жылдык өткөөл мезгили сунушталары белгиленген.
Мындан тышкары, төлөм карталары аркылуу жана чек ара аралык төлөмдөрдү кабыл алган финансылык уюмдар үчүн 60 миллион сомдон 110 миллион сомго чейинки минималдуу чек коюлган.
Улуттук банк санарип сомду пайдалануу, жөндөө боюнча мыйзам долбоорун даярдады