Интернетте адамды кемсинткендерди жоопко тартуу сунушу биринчи окууда кабыл алынды

Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңеште адамды кемсинтип, ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтиргендерге айып салуу мыйзам долбоору биринчи окуудан каралды.
Анда Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүү каралган. Ага ылайык, адамды мазактап, кемсинтип, беделин түшүрсө 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом айып салынат.
Долбоор боюнча баяндама жасаган юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков мыйзам кабыл алынса тартип бузгандарга карата арыз түшкөндө гана айып салуу боюнча жөрөлгө башталарын айтты.
Жыйынтыгында аталган мыйзам долбооруна 63 "макул", алты "каршы" добуш берилди.
Садыр Жапаров ЖМК тууралуу мыйзам долбоорун кайтарып алууну тапшырды