Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский энергетикалык объектилерге сокку уруудан баш тартууну сунуштады

Россия президенти Владимир Путин июнь айында Украинадагы абалды жөнгө салуунун шартын атаган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Владимир Зеленский энергетикалык инфраструктуранын объектилерине сокку уруудан баш тартуу Украинадагы жаңжалдын курч фазасын жыйынтыктоого шарт түзөрүн айтканын Financial Times жазды.
"Биз алардын энергоинфраструктурасына кол салбайбыз, алар биздикине сокку урбайт. Бул согуштун курч фазасын бүтүрүүгө жардам береби? Менимче, жардам берет", — деген Зеленский.
Макалада Зеленский ошол эле учурда аймактарды берүү менен тынчтыкка келүү тууралуу сүйлөшүүлөрдүн баарын четке какканы айтылат.
Эскерте кетсек, Зеленский Украинадагы ЖЭБдер менен гидроэнергетикалык кубаттуулуктардын басымдуу бөлүгү жок кылынганын билдирген. Октябрдын ортосунда өлкөнүн премьери Денис Шмыгаль да Украинанын жылуулук энергогенерациясынын 90 пайызы талкаланып жок болгонун айткан болчу.
Россия президенти Владимир Путин июнь айында Украинадагы абалды жөнгө салуунун шартын атаган. Анын айтымында, Украина Россиянын жаңы аймактарынын баарынан аскер күчүн чыгарып кетери менен Мосвка ок атууну токтотуп, сүйлөшүүлөргө даяр болот. Мындан тышкары, Киев НАТОго кошулуу ниетинен баш тартып, демилитаризация жана денацификация жүргүзүшү керек, ошондой эле нейтралдуу, блоктон тышкаркы жана өзөксүз макамын кабыл алышы кажет. Путин Россияга каршы салынан санкциялар да алынышы керектигин эскерткен.
Анткен менен Украинанын Курскиге болгон чабуулунан кийин "жай тургундарга, жарандык инфраструктурага ылгабай сокку уруп, өзөктүк энергетика объектилери үчүн кооптуулук жараткан тарап менен" сүйлөшүү дээрлик мүмкүн эместигин белгилеген болчу. РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Москванын украин жаңжалын жөнгө салуу боюнча сунуштары жокко чыгарылбаганын, бирок азыркы тапта Россия Укрина менен сүйлөшпөй турганын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ТИМи Зеленскийдин "жеңиш планын" колдоодон оолак болууга чакырды