БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. ЕАЭБде 2028-жылга чейин зер буюмдарга керектелүүчү сырьёлорду импорттоодо бажы алымы нөлгө түшүрүлдү. Мындай чечимди ЕЭК Кеңеши кабыл алды.
Маалыматка караганда, бул нерсе ишканалардын өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, атаандаштыкты күчөтүүгө шарт түзөт.
"Учурда ЕАЭБдин баалуу металлдар рыногунда өндүрүшкө жетиштүү сырьё жок. Уюмдун айрым өлкөлөрүнө экономикалык чектөөлөр киргизилгендиктен ишканалар башка өнөктөш мамлекеттерден сырьё алып келишүүдө. Бирок бажы алымдарын төлөө бул ишмердүүлүктү чыгашалуу кылып келет", — деп билдирди ЕЭКтин бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян.
Учурда ЕАЭБде каралып жаткан товарларга импорттук бажы алымынын ставкасы 3-15 пайызды түзөт.