Аба майдан: Суданда атып түшүрүлгөн учактын Кыргызстанга эч кандай тиешеси жок

Россиялык Виктор Грановдун наамындагы документтер ага учакты Бишкектен Ошко жеткирүү үчүн берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Суданда атып түшүрүлгөн учак египеттик New Way Cargo Airlines ST-JLN компаниясына таандык жана Кыргызстан менен эч кандай байланышы жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, учак Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 12-январында каттоодон чыгарылып, Судандын каттоосуна өткөрүлгөн. Кырсык учурунда табылган россиялык Виктор Грановдун наамындагы документтер (тархетка) ага учакты Бишкектен Ошко жеткирүү үчүн май айында берилген.
"Виктор Гранов Россиянын жараны болгон жана 2024-жылдын май айында "Манас" аэропортунан Ош эл аралык аэропортуна АН-12 учагын жеткирүү үчүн чакырылган. Бирок ишине байланыштуу бошобой калгандыктан келген эмес. Таркетка ага май айында пландалган ишке байланыштуу берилген. Мындай карталарды "Манас" ААК өзүнүн кызматкерлерине гана эмес, аэропорт менен түзүлгөн келишимдин негизинде кызматташкан бардык компанияларга берет. Андыктан адамдар өздөрүнүн эмгек милдеттерин аткаруу үчүн аэропорттун терминалына жана перронуна тоскоолдуксуз кире алышат", — дешти аэропорттон.
Эске салсак, Бириккен Араб Эмираттарынан Чадга учуп бараткан Ил-76 аскердик учагы Суданда атып түшүрүлгөн. Кырсыктан учактагы беш киши каза болгон.
Asman Airlines компаниясынын биринчи учагы "Манас" аэропортуна конду