22-октябрга карата аба ырайы

22-октябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. 22-октябрда республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй аймагында +13...+18, Таласта +12...+17, Ош, Жалал-Абад жана Баткен болустарында +18...+23, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +14...+19 гардус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +16...+18, Ош шаарында +21...+23 градуска чейин көтөрүлөт.
Эртең Бишкекте жылуулук берилет