ЖМК: Израиль ХАМАСтын лидеринин сөөгүн барымтадагылар менен алмашууга колдонот

Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Палестинанын ХАМАС кыймылынын жетекчиси Яхья Синвардын сөөгүн Израиль барымтадагыларды бошотуу үчүн "соодалашууда" колдонот. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"ХАМАСтын лидери Яхья Синвардын сөөгү Газада барымтада жаткан израилдиктерди алмашууга колдонулат", — деп айтылат маалыматта.

Маалымат булактын билдиргенине таянсак, Синвардын сөөгүн Газага кайтарып алуунун жалгыз жолу — барымтадагылар менен алмашуу.
Өткөн бейшембиде Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) 2023-жылдын 7-октябрында Израилге жасалган чабуулдун башкы уюштуруучусу деп эсептелген Синвар Газа тилкесинде израилдик аскерлер тарабынан өлтүрүлгөнүн расмий жарыялады.
Аскерлердин айтымында, Синвар 16-октябрда жок кылынган. Бейшембиде АКШ президенти Жозеф Байден ХАМАСтын лидеринин изине түшүүгө америкалык чалгын кызматтары жардам бергенин билдирген. АКШнын вице-президенти Камала Харрис Синварды аңдууга америкалык атайын күчтөр да жардам бергенин айткан.
Израиль тараптын маалыматына караганда, кол салуудан бир жыл өтсө дагы 101 адам палестиналык кыймылдын туткунунда. Алардын ичинде каза болгондор да бар.
Ар кандай операция жана гуманитардык аракеттердин жүрүшүндө ХАМАСтын туткунунан 154 адам кайтарылган. Анын ичинде барымтада каза болгондордун сөөгү да бар.
Израиль ХАМАСтын башчысы Синвардын акыркы мүнөттөрү деген видеону таратты