БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Чаткал районунун Ак-Сай аймагында кар көчкү алдында калды деп изделип жаткан алты адамдын баары каза тапканы анык болду. Тагыраагы, ӨКМ бүгүн кайрадан издөөгө киришип, калган үч адамдын сөөгүн тапканын кабарлады.
Эске салсак, алардын ичинен үч адамдын сөөгү кечээ,18-октябрда, табылып, тик учак менен Кум-Бел тилкесиндеги штабга жеткирилген.
"Бүгүн табылган үч кишинин сөөгүн куткаруучулар ИИМ кызматкерлерине жана туугандарына өткөрүп берип жатышат", — деп билдирди министрликтен.
Эске салсак, 9-октябрда 14 адам дары чөптүн (эндиктин) тамырын казып алуу үчүн тоого чыгып кетип, ошол боюнча байланышка чыкпай калышкан. ӨКМдин райондогу бөлүмүнүн кызматкерлери издөөгө чыгып, сегиз киши аман-эсен табылган. Ал эми алты адам кар көчкүнүн алдында калганы айтылган эле.