АКШ "Рыбарь" Telegram каналынын кызматкерлери боюнча маалыматка сыйлык жарыялады

АКШнын дипломатиялык кызматы "Рыбарь" АКШдагы саясий кырдаалга таасир этүү үчүн социалдык тармактарды пайдаланып жатат деп эсептейт
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. АКШнын Мамлекеттик департаментинин Rewards for Justice программасы АКШдагы шайлоого четтен кийлигишүүгө тиешеси бар деп эсептеген адамдарды, анын ичинде россиялык "Рыбарь" Telegram каналынын кызматкерлерин аныктоого көмөкчү болгон маалымат үчүн 10 миллион долларга чейин сыйлык жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Долбоордун маалыматы боюнча, Rybar LLC медиакомпаниясы, "Рыбарь" долбоору деген ат менен да белгилүү, 2022-жылдын июнь айында АКШнын Финансы министрлиги тарабынан санкцияланган россиялык Ростех корпорациясы менен байланышта.
АКШнын дипломатиялык кызматы "Рыбарь" АКШдагы саясий кырдаалга таасир этүү үчүн социалдык тармактарды пайдаланып, россиячыл жана Батышка каршы маалыматтарды жайылтууга багытталган пропаганда менен алектенет деп эсептейт.
Мындан тышкары, "Рыбарь" 2024-жылы президенттик шайлоонун алдында Х (мурдагы Twitter) социалдык тармагында TEXASvsUSA каналын ачкан. Ал жакта Техастын чек арасы аркылуу өткөн мыйзамсыз миграция туурасында темалар талкууланат. Вашингтон каналдын максаты АКШдагы социалдык жана саясий карама-каршылыкты күчөтүү, жек көрүү менен зордук-зомбулукту тутандыруу экенин айткан.
АКШдагы шайлоо процессин жардырууга тиешеси бар делген адамдардын арасында Владимир Беркутов, Михаил Звинчук (долбоордун директору), Александр Минин жана уюмдун башка кызматкерлери бар.
Мамлекеттик департамент "Рыбарь" долбооруна тиешеси бар адамдар тууралуу маалымат менен бөлүшүп коюуну өтүнөт.
RT менен "Россия сегодня" кээ бир социалдык тармактарда чектөөгө кабылды