Садыр Жапаров: 2028-жылга чейин муктаждардын баары үй-жайлуу болот

Бүгүнкү күндө Бишкекте 22 573 адам кезекте турган болсо, региондордо 15 400 адам бар. Жалпы республика боюнча азыркы тапта 42 316 батир салынып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Ынтымак" турак жай комплексинин курулушуна "мезгил кутусун" салды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 4

Президент Садыр Жапаров "Ынтымак" турак жай комплексинин курулушуна "мезгил кутусун" салды

2 / 4

Ага ылайык, батирлердин жарымы кезекте турган социалдык багыттагы кызматкерлерге жеңилдетилген шартта берилет, ал эми калганы 50 пайыз үлүш кошуу шарты менен мигранттар жана башка жарандарга арналган

3 / 4

Жалпы аянты 18 гектар жерге 18 кабаттуу үйлөрдү куруу пландаштырылууда. Комплекстин инфратүзүмүндө жолдор, мектеп, эки бала бакча, жашылдандыруу жана унаа токтотуучу жайлар камтылып, көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатында коммерциялык жайлар жайгашат

4 / 4

Бүгүнкү күндө Бишкекте 22 573 адам кезекте турган болсо, региондордо 15 400 адам бар. Жалпы республика боюнча азыркы тапта 42 316 батир салынып жатат.

Ага ылайык, батирлердин жарымы кезекте турган социалдык багыттагы кызматкерлерге жеңилдетилген шартта берилет, ал эми калганы 50 пайыз үлүш кошуу шарты менен мигранттар жана башка жарандарга арналган.
Жалпы аянты 18 гектар жерге 18 кабаттуу үйлөрдү куруу пландаштырылууда. Комплекстин инфратүзүмүндө жолдор, мектеп, эки бала бакча, жашылдандыруу жана унаа токтотуучу жайлар камтылып, көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатында коммерциялык жайлар жайгашат.

"Өлкөдө жалпы аянты 2 миллион чарчы метрди түзгөн 40 миңден ашуун батирдин курулушу кызуу жүрүп жатат. Учурда облустардын борборлорунда көп кабаттуу үйлөр салынууда, эмдиги жылдан баштап райондордун борборлорунда, шаарларга көп кабаттуу үйлөрдү куруу башталат", — деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө Бишкекте 22 573 адам кезекте турган болсо, региондордо 15 400 адам бар. Жалпы республика боюнча азыркы тапта 42 316 батир салынып жатат. Булардын баарында керектүү социалдык объектилерди кошо куруу каралганы белгиленди.
Мамлекет башчы иш-чаранын катышуучуларынын көңүлүн 2028-жылдарга чейин өлкө боюнча бардык муктаж болгон жарандарды турак жай менен камсыз кылуу максаты коюлганына бурду.
Нариман Түлеев турак жай комплексиндеги курулушту Садыр Жапаровго көрсөттү