БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Чаткалда изделип жаткандардын экөөнүн сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Маалыматта калган үч адамды издөө иштери эртең улана турганы, учурда аба ырайы өзгөрүп кеткени айтылат.
"Аймакта кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Куткаруу иштери өтө кооптуу зонада жүргүзүлүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 9-октябрда 14 адам дары чөптүн (эндиктин) тамырын казып алуу үчүн тоого чыгып кетип, ошол боюнча байланышка чыкпай калышкан. ӨКМдин райондогу бөлүмүнүн кызматкерлери издөөгө чыгып, сегиз киши аман-эсен табылган. Ал эми алты адам кар көчкүнүн алдында калганы айтылган эле.
Бүгүн эртең Ош шаарынан куткаруучулар тик учак менен көчкү түшкөн жерге чыгып кетишкен.
Изделип жаткандардын ичинен бирөөнүн сөөгү бүгүн түшкө чейин табылды.