БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлигинде 414,5 миллион сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, сумма 2022-жылга карата аудиттин жыйынтыгы менен белгилүү болгон.
"Министрликте жана анын ведомстволук уюмдарында аныкталган мыйзам бузуулардын суммасы 414,5 миллион сомду түздү. Анын ичине 154,1 миллион сом калыбына келтирилүүгө тийиш. Учурда 78 миң сом ордуна кайтарылган", — деп айтылат маалыматта.
Аудиттин жыйынтыгы боюнча тиешелүү жазма буйруктар жана сунуштамалар жөнөтүлгөнү кошумчаланды.