БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. "Россия сегодня" медиатобунун атайын долбоорлорунун директору Михаил Конрад SpunikPro билим берүү долбоорунун алкагында Telegram-боттор менен кантип иштөө керектигин айтып берди.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин студенттери, тажрыйбалуу журналисттер жана мамлекеттик органдардын маалымат катчылары үчүн мастер-класс өттү.
Конрад Telegram ботун белгилүү бир техникалык билимге ээ болбостон өз алдынча түзсө болорун белгиледи.
"Журналисттер ар кандай сайттарды карап отурбастан ыңгайлуу форматта иштей алышат. Жеке колдонуу үчүн продуктуну иштеп чыга аласыз. Бот сизге видео жаратууга, аны транскрипциялоого, үн чыгарууга, ал тургай субтитрлерди кошууга мүмкүнчүлүк берет", — деди эксперт.
Айтымында, мессенджер-бот орус жана англис тилдеринде жакшы иштейт.
"Аудионун сапаты төмөн болсо, транскрипцияда каталар болушу мүмкүн. Бирок бот сизге өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн берет. Акы төлөнүүчү жана бекер кызматтар бар", — деди Конрад.
SputnikPro — бул өз тармагынын адистери билими, иш тажрыйбасы менен пресс-катчы, журналист жана ЖОЖдордун студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Долбоор 2018-жылдын жаз айларында башталып, Беларусь, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.
Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбору бар.