Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Токаев орус-украин жаңжалын чечүү боюнча оюн айтты

Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Токаев Астанадагы аналитикалык борборлор форумунун пленардык жыйынында орус-украин чатагын жөнгө салуу маселеси боюнча сүйлөдү. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
"Мен канцлер Шольц менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө да Россияны аскердик жактан жеңүү мүмкүн эмес экенин айткам. Буга Россиянын аскердик кубаты, өлкө калкынын президент Путиндин саясатын колдогону жана тарыхтын өзү далил. Ошондуктан биз тынчтык жолу менен жөнгө салуунун жолдорун издөөнү жана бардык мамлекеттердин, анын ичинде Кытай менен Бразилиянын реалдуу пландарын колдоону зарыл деп эсептейбиз. Башка жол жок", — деди Токаев.
Ал кошумчалагандай, "альтернативдүү жол бул согушуу".
"Балким, кээ бир дүйнөлүк державалар буга кызыкдар, бирок бул туңгуюкка карай жол. Конструктивдүү сүйлөшүүлөр аркылуу тынчтыкка умтулуу алсыздыктын эмес, стратегиялык этияттыктын белгиси", — деди Казакстандын президенти.
Ал ошондой эле Казакстан орто державалардын үнүн эл аралык форумдарда, анын ичинде БУУнун Коопсуздук кеңешинде да коргой турганын белгиледи.
"Элдер кичине болобу, чоң болобу, жакшы дүйнөнү курууда өз ролун ойной билиши керек. Казакстан дүйнөлүк аренада мындан ары да ырааттуу активдүү роль ойноого даяр. Биз дипломатиянын, экономикалык кызматташтыктын жана көп тараптуу башкаруунун кесилишинде турабыз. Кесиптештерибиз жана өнөктөштөрүбүз менен ишке ашырган таасирибиз аркылуу эртеңки дүйнөнү түптөй алабыз", — деди президент.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Шольц Путин менен Украина боюнча сүйлөшүүгө даярдыгын айтты