Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Шольц Путин менен Украина боюнча сүйлөшүүгө даярдыгын айтты

Канцлер өткөн бешинчи күнү Владимир Зеленский менен жолугушуп, натыйжада Украинаны НАТОго кабыл алууга өлкө даяр эместигин тастыктаган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Германия канцлери Олаф Шольц Украина боюнча өтө турган кийинки саммитке Россияны катыштыруу зарылдыгын, ошондой эле өзү да РФ президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүгө даярдыгын билдирди. Бул тууралуу канцлер парламенттин төмөнкү палатасында сүйлөп жатып айтканын РИА Новости жазды.
Шольцтун белгилешинче, Швейцариянын Бюргенштогунда өткөн конференцияда (15-16-июнь) Украина президенти Россиянын катышуусу менен дагы бир жыйын өтүшү керектигин айткан.
"Мындан улам Россия президенти менен сүйлөшүү болобу деген суроого "ооба" деп жооп бергенибиз туура болот", — деген канцлер.
Анткен менен Шольцтун айтымында, сүйлөшүүдө эки принцип сакталышы керек. Биринчиси — Украинасыз бир да чечим кабыл алынбайт, экинчиси — Германияга өнөктөш мамлекеттер арасында алдын ала макулдашуу болушу керек. Муну менен бирге канцлер дагы бир ирет Украинаны керектүү убакытка чейин колдоого даяр экенин белгилеген.
Эскерте кетсек, Шольц өткөн бешинчи күнү Владимир Зеленский менен жолугушуп, натыйжада Украинаны НАТОго кабыл алууга өлкө даяр эместигин тастыктаган.
Ал арада New York Times Германиянын канцлери Олаф Шольц Украинага аскерий колдоо көрсөткөнү үчүн рейтинги төмөндөп, өлкөнүн өнөр жай кубаттуулугу алсыраганын жазып чыкты.
"Шольц мырза Украинанын аскерий демөөрчүсүнө айланып, эл аралык коопсуздукту камсыздоо маселесинен четтеп кетти. Мунун куну оор болду — жаңжал Германия экономикасынын автоунаа жана өнөр жай секторуна катуу сокку уруп, Шольц мырзанын рейтинги төмөндөдү", — деп жазган гезит.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Германиянын Киевге мындан ары "ири аскердик техника" бербей турганы айтылды